2024-жылдын 17-сентябрь күнү КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев Россиянын элдердин достугу университетинин (РУДН) магистратурасына окууга кетип жаткан Улуттук университеттин 28 бүтүрүүчүсүн кабыл алды.
Ректор РУДН совет мезгилинде эле эмес азыр да аябай белгилүү жана абройлуу окуу жайы экенин, ага өтүү аябай оор, кыйын, ошондуктан мамлекеттер аралык түзүлгөн келишимдин негизинде ал жакка барып окуп келүүнүн өзү эле бүтүрүүчүлөрдүн кийинки карьерасына чоң плюс алып келээрин белгиледи. – Өлкөбүздүн аймагынан чыккандан кийин ар бирөөңүздөр Кыргызстанды жалаң позитивдүү жактан көрсөтүшүңүздөр керек, – деп улантты сөзүн Догдурбек Чонтоев. – Кыргызстан же Улуттук университет тууралуу негатив айтсаңыздар, сырттагы бөлөк бирөө келип жасап же оңдоп бербейт. Ал биздин колубузда. Силер бараткан РУДНде дүйнө жүзүнөн келген студенттер окушат. Ошолордун арасында татыктуу билим алып, татыктуу жүрүп келесиздер деген чоң ишенич бар. Москва 14-15 млн. калк жашаган чоң мегаполис. Ошол жактын жакшы нерселерин алып келип, кийин Кыргызстанды көтөргөнгө жардам беришиңиздер керек. Ушул сиздердин жүрөгүңуздөрдө туруш керек. Сиздерге каалоом – жакшы окуп, жакшы бүтүрүп келиңиздер. Баарыңыздарга ийгилик, ак жол!
Академиялык мобилдүүлүк, билимди экспортоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова Улуттук университет аталган консорциумга 2009-жылдан бери мүчө болуп, эки дипломдуулук программасынын көптөгөн багыттары боюнча катышып келе жатканын, ал эми бул жылы журналисттер үчүн “Санариптик медиакоммуникация” багыты ачылганын, окууга кетип жаткан бүтүрүүчүлөр КУУ тараптан да, РУДН тараптан да тандалганын, магистратурада окуу бюджеттик негизде жүргүзүлүп, окуунун биринчи жылы Россия Федерациясы тараптан, экинчи жылы Кыргыз Республикасы тараптан каржыланаарын, буга чейин окуган магистранттар РУДНден жалаң “мыкты” жана “жакшы” деген транскрипттерди алып келишкенин белгилеп, бул жолу кетип жаткан бүтүрүүчүлөр да алардын жолун жолдооруна ишенээрин билдирди.
РУДНге окууга кетип жаткан бүтүрүүчүлөрго о.э. журналистика жана коммуникация институтунун директор Ширин Костюк менен юридика институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Зулайка Сыдыкова каалоо-тилектерин айтып, ак жол каалашты.
Жолугушууга о.э. окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов катышты.
РУДНдин магистратурасына окууга кетип жаткан бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси:
Сетевой университет СНГ
- 01. Акбаралиева Айгерим – Международное право
- 02. Алмазбек кызы Айгерим – Международное право
- 03. Кубанычбекова Даткайым – Международное право
- 04. Кушназарова Айзат – Международное право
- 05. Коргонбекова Лунара – Международное право
- 06. Нурдинов Каныбек – Международное право
- 07. Омошев Садыкбек – Международное право
- 08. Шамбетова Акылай – Международное право
- 09. Айдаралиев Жанат – Цифровые медиакоммуникации
- 10. Джумалиева Бурулсун – Цифровые медиакоммуникации
- 11. Бербаева Айгелия – Цифровые медиакоммуникации
- 12. Асанова Алия – Международные отношения (мировая политика)
- 13. Камилов Жасурбек – Международные отношения (мировая политика)
- 14. Медербеков Талгат – Международные отношения (мировая политика)
- 15. Ниязова Дианат – Международные отношения (мировая политика)
- 16. Нурбеков Бекназар – Международные отношения
- 17. Сапрыгин Владислав – Международные отношения (мировая политика)
- 18. Кубанычбек кызы Нурсана – Международные отношения (мировая политика)
- 19. Нусубалиева Карина – Международный менеджмент
- 20. Джолдошев Азим – Международный менеджмент
- 21. Хасанова Тахмина – Филология
- 22. Маделиева Ажар – Филология.
Университет ШОС
- 23. Омукеева Айдай – Экономика (Бухгалтерский учет, анализ и аудит)
- 24. Шапакова Роза – Экономика (Бухгалтерский учет, анализ и аудит)
- 25. Дикомбаева Каныкей – Экономика (Бухгалтерский учет, анализ и аудит)
- 26. Рысбек кызы Алия – Экономика (Бухгалтерский учет, анализ и аудит)
- 27. Бекмырзаев Алтынбек – Экономика (Бухгалтерский учет, анализ и аудит)
- 28. Айбек уулу Нурдоолот – Международный маркетинг.







