2024-жылдын 29-август күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу аземи болуп өттү.
Институттун директору Амантур Рыспаев бүгүнкү күн бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө күн экенин, анткени алар билим алуу сапарынын маанилүү этабын аяктап, мүмкүнчүлүктөр менен кыйынчылыктарга толгон жаңы жашоого кадам таштап, тынымсыз өнүгүп, инновациялык нормага айланып бараткан маалыматтык технологиялар дүйнөсүнө кирип жатканын жана ар бири бул өзгөрүүлөрдү ээрчип гана тим болбостон, алардын демилгечиси болууга да даяр экенине ишенээрин билдирди жана мыкты ийгиликтерге жетишкен студенттерге кызыл дипломдорду тапшырды.
2023-2024-окуу жылы бакалавриаттын 4-курсун аяктаган студенттерди о.э. илимий иштер боюнча директордун орун басары Махабат Сыдыкова, багыттардын жетекчилери Венера Мураталиева, Инна Нам, Туратбек Орозалиев, кураторлор Эльзат Баялиева, Гүлжан Эсенаманова, Салия Кыдырмаева, Гүлнара Тонуева жана дипломдор боюнча жооптуу Замира Дакинова куттукташып, дипломдорду тапшырышты.
Институт менен өнөктөш болуп, хакатон, олимпиада сыяктуу иш чараларды чогуу өткөрүп келаткан Эл аралык Мета унирверситетинин проректору Нурланбек Азылов бүтүрүүчүлөрдү диплом алышы менен куттуктап, каалоочуларды жумушка чакырды.
Жыйындын жүрүшүндө көптөн бери күткөн дипломдору колуна тийип, кубанычы койнуна батпай турган бүтүрүүчүлөр да 4 жыл бою билим, тарбия берген институттун окутуучуларына жана жетекчилигине өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Диплом тапшыруу аземи жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин алдында түзүлгөн бий тобунун номерлери менен коштолду.