2024-жылдын 26-июлунда КУУга Түштүк Кореянын Конгжу Улуттук университетинин президенти Кюнхо Ким мырза баштаган делегация келди. Делегация мүчөлөрүн ректор Төлөбек Абдырахманов кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин жетекчилери өз ара кызматташуунун багыттарын, анын ичинде студенттерди алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду аткаруу жана академиялык өз ара аракеттенүүнүн башка формаларын талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар университеттер ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан Академиялык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту жана эл аралык мамилелерди чыңдоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жигердүү иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушууга ошондой эле Конгжу Улуттук университетинин тышкы кызматташтык борборунун директору Чанги Чжан, атайын мектебинин директору Сеунг Чол Квак, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн координатору Джозеф Хан, о.э. КУУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов жана эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков катышты.
(С) Матисакова Нурсезим – эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин жетектөөчү адиси