2024-жылдын 8-июль күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Улуттук университеттин ийгилик жараткан «Enactus ЮИ КНУ” жана “Enactus KNU” командаларын кабыл алды.
Командаларды жетектеп барган жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмаз 2-3-июль күндөрү Ысык-Көл районунун Бостери айылында «Enactus Кыргызстан» уюму тарабынан ЖОЖдор арасында «Expo 2024» сынагы өткөрүлүп, жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон “Enactus ЮИ КНУ” командасы жеңүүчү аталганы жана октябрь айында Астана шаарында өтүүчү эл аралык сынакка жолдомо алганы тууралуу маалымат берди.
Ысык-Көлдө өткөрүлгөн иш чаранын максаты – жаштар жана студенттер арасында стартап аркылуу ишкерликке кызыгууну арттыруу, тажрыйба алмашуу, коомдогу социалдык көйгөйлөрдү ишкерлик аркылуу чечүү, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана эң башкысы тажрыйбалуу ишкерлердин насаатчылыгы менен даярдалган стартаптарды ишке ашыруу.
Бул улуттук таймашта Республика боюнча 7 дубандан 20дан ашуун жогорку окуу жайларынын Enactus командалары жана өз ишин мыкты аркалаган бизнес өкүлдөрү, инвесторлор, өкмөт жана Европа биримдигинин өкүлдөрү катышты.
Мелдештин биринчи күнү командалар чүчүкулак тартуунун негизинде лигаларга бөлүнүп, өз долбоорлорун жакташты. Ар бир долбоор студенттердин жыл бою жасаган зор аракети, ал биринчи кезекте адамдардын жашоосун жакшыртууга, экологияны сактоого жана жалпы өлкөбүздү өнүктүрүүгө багытталган.
Мелдештин экинчи күнү тандоо турунун жыйынтыгы чыгарылды. Андан соң жарым финал жана финал болуп, финалга КУУнун “Enactus KNU” жана “Enactus ЮИ КНУ” командалары, о.э. ОшМУ менен КЭУнун командалары чыгышты.
Сынактын жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон “Enactus ЮИ КНУ” командасы жеңүүчү аталып, октябрь айында Казахстан Республикасынын Астана шаарында өтө турган эл аралык сынакка катышууга жолдомо алды.
(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору