2024-жылдын 10-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 10 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык “Мыкты тарбиячы” кароо сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынды куттуктоо сөзү менен КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып, аталган сынактын жеңүүүлөрүн ийгиликтери менен куттуктады жана Баш байгени жеңип алган Бишкек шаарындагы №118 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Жолдошали кызы Бибигүлгө баш байгенин дипломун, статуэткасын, Ысык-Көлдө өтүүчү “Окуучу күткөн мугалим” жайкы мектебине жолдомону жана “Мугалим” журналынын төш белгисин тапшырды.

Тема боюнча материалдар:

Добавить комментарий