“Улуттук университеттин күнүн” белгилөөгө арналган салтанаттуу жыйын учурунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова түрк дүйнөсүнүн эң абройлуу уюму болгон Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин атынан ректор Төлөбек Абдырахмановго жаштарды тарбиялоого жана кыргыз билими менен илиминин өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Түрксойдун эң жогорку сыйлыгы – Түрксой алтын медалын тапшырды.
Аталган медаль менен сыйлангандардын арасында Түркиянын Улуттук парламентинин спикери Мустафа Шентоп, СССР менен Кыргызстандын эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиев, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дуйшеев жана башкалар бар.



