2023-жылдын 28-майында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда “Манас” өргөсү ачылды. Иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдрахманов катышып, куттуктоо сөзүндө институттун эмгек жамаатына ыраазычылыгын айтып, ийгилик каалады.

Ачылышка Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Меңди Мамазаирова, КУУнун илимий иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Садык Алахан, азыркы Алиппенин автору, профессор Сулайман Рыспаев катышьы.

“Манас” өргөсү жайгашкан 529-дарскананы И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин доценти, п.и.к., окумуштуу, акын-жазуучу Сууракан Конгайтиева демөөрчүлүк кылып, жасалгалады.

Аземдин экинчи бөлүгүндө келген меймандар стартап боюнча студенттердин кол эмгектери менен таанышышты.

(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий