2024- жылдын 25-26-апрелинде И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинин башчысы Мирбек Шарабидинов Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору Олжобай Шаимкулов жана  Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Төлөнбай Саадалов менен жолугушту.

Жетекчилер  колледждер ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол коюшту. Аталган документ жалпы билим берүүчү мектептериндеги, мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги билим берүү процессинин сапатын биргелешкен илимий-практикалык ишмердүүлүк аркылуу өркүндөтүү, илимий,  билим берүүчү, маалыматтык, иновациялык жана башка ресурстарды интеграциялоо, педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Меморандумдун алкагында о.э. төмөндөгү багыттар боюнча кызматташтык жүзөгө ашырылат:

  • биргелешкен изилдөө программаларын иштеп чыгуу жана аларды жүзөгө ашыруу;
  • мектепке чейинки мекемелерде жана мектепте билим берүү боюнча жаңы долбоорлорду жүзөгө ашыруу;
  • өз ара кызыкчылыктарды камсыздоочу илимий билимдердеги жаңылыктарды жана педагогикалык тажрыйбаларды алмашуу;
  • бардык категориядагы мугалимдер үчүн шаардык семинарларды, тренингдерди, конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • предметтер боюнча окуучулардын жетишкендиктерин баалоо багытында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • предметтер боюнча бүтүрүүчү класстардын сынактарынын материалдарын иштеп чыгуу;
  • мектеп мугалимдеринин алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын жалпылоо жана жайылтуу;
  • окуу жана методикалык материалдарды экспертизалоо;
  • кызматташтыктын мындан башка формаларын жана багыттарын өнүктүрүү.

Ушул эле күндөрү педагогикалык колледждин башчысы Мирбек Шарабидинов, окутуучулары Жаңыл Нуруева, Айнура Байтокова жана Гүлзат Исмаилова академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош мамлекеттик университети менен Ош технологиялык университетинин мугалимдерине семинар-тренинг, ал эми студенттерине конок лекцияларды өтүштү.

(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий