2024-жылдын 12-апрель күнү кесиптик колледждин котормо иши бөлүмүнүн 1-курс студенттери жумурай журтка белгилүү болуп калган ыйык жай менен таанышуу максатында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышып, таазим кылышты.
«Ата-Бейит» мемориалдык комплексине баруу студенттер үчүн өлкөбүздүн өткөнү менен гана таанышуу эмес, бул студенттерге мурасты сактоого жана улантууга дем берди. Студенттер ата-бабаларыбыздын шыктандыруусу менен, алардын мурасын келечек муундарга өткөрүп берүүгө даяр жаңы ачылыштар менен кетишти.
(С) Доолотбакова Ракыя — которомо иши бөлүмүнүн окутуучусу