2024-жылдын 25-мартында Кара кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына, Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун 70 жылдыгына арналган “Этностан” маданий борборунун демилгеиси менен “Кыргыздын Манасы, адамзаттын айкөлү” аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин инновациялык борборунун чоң жыйындар залында болуп өттү.

Иш чарага этникалык кыргыздар: Өзбекстан, Тажикстан, Кытайдагы кыргыздар, Ооганстан, Туркиялык кыргыздар, Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздар, КРнын мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов, президенттин администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кыял Жанузакова, КРнын маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу,  КРнын президентке караштуу мамлекетти тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев жана Ж.Орозобекова, илимпоздор, маансчылар, төкмө акындар, блогерлер, “Жаш толкундар” адабий ийриминин мүчөлөрү катышты.

Аталган иш чарада Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин доценти Назгуль Турдубаева “Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосунун түп нускасы жана азыркы транслитерациялаган китептеринин абалы” аттуу илимий баяндама жасады.

(С) Назгуль Турдубаева – илимий иштер боюнча декандын орун басары, доцент

Добавить комментарий