2023-жылдын 25-августунда ректор Төлөбек Абдырахманов 6-окуу имаратындагы компьютерлердин системалык платасын уурдап бара жаткан У.Э. аттуу кылмышкерди кармап калган КУУнун кызматкерлерин кабыл алды. Күзөт кызматынын башчысы Камчыбек Абелдиев окуянын чоо-жайын айтып берген соң, Төлөбек Абдырахманов “уурдап кеткен эмес, уурдап бараткан кылмышкерди кармап калып, университеттин мүлкүн сактап калгандыктары” үчүн маалыматтык технологиялар борборунун инженерлери Бегимай Искендербек кызына, Асел Нуркалиевага жана күзөт кызматынын кароолчулары Базаркул Маматкуловго, Аман Кабаевге, Асан Дербишалиевге ректораттын атынан чоң ыраазычылык билдирип, аларды Ардак грамоталар менен сыйлады. 

– Азаматсыңар! Биз угуп, териштирип, абдан ыраазы болдук!, – деди Төлөбек Абдырахманов. – Бул – силердин адамдык позицияңар, университетке болгон патриоттук аң-сезимиңер, анан, албетте, өзүңөрдө болгон жоопкерчилик. Башка кызматкерлер да силерге окшоп жумушту ушундай аткарып, ушундай иштеш керек. Карапайым кызматкерлер ушундай мамиле кылып аткандан кийин, университеттин чоңдору да ушундай мамиле кылыш керек. Университеттин мүлкү менен тартипти сактаганга баарыбыз салым кошушубуз керек. Бул жерден Ички иштер министрлигине да ыраазычылык билдирем. Ушундай нерсеге көңүл буруп, реакция жасап, Ардак грамота менен сыйлап атканына. Бул абдан чоң нерсе. Университет жактан да реакция кылабыз. Сыйлыгыңар кут болсун!

Андан кийин ректор өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ак ниет аткарып, кылмышты ачууга катышкандыгы жана коомдук тартипти сактоого салым кошкондугу үчүн Бегимай Искендербек кызына, Асел Нуркалиевага, Базаркул Маматкуловго, Аман Кабаевге жана Асан Дербишалиевге Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Сыйлык ээлерин окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев да куттуктап, бул аракет колдоого алынып, университет тарабынан да бааланаарын билдирди.

Иш чарага о.э. окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев катышты.

Добавить комментарий