Бул тууралуу 2023-жылдын 28-август күнү ректор Төлөбек Абдырахманов башкы имараттагы кичи жыйындар залында юридикалык институттун жамааты менен өткөргөн жолугушууда белгилүү болду. Жыйындын башында ал катышуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, буга чейин аталган институтту коомдук башталышта жетектеп келген илимий иштер боюча проректор Назаркул Ишекеев берген арызынын негизинде аталган институттун директорлук кызматынан бошотулганын, анткени ал дайындалган “транзиттик мөөнөт” аяктаганын кабарлап, Назаркул Ишекеевичке чоң ыраазычылык билдирди. Ректор андан ары залда отургандарды 2023-жылдын 25-августунан тартып юридикалык институттун директорунун милдетин аткаруучу болуп аталган институттун юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Сманалиев Кынатбек Мойнокович дайындалганы тууралуу буйрук менен тааныштырды.

– Бул кишиге абдан чоң, жоопкечиликтүү милдет жүктөлөт. Ал кыска мөөнөттүн ичинде институтту ордуна коюш керек, озгөчө окуу процессин, өзгөчө 1-курсту. Ошондуктан Кынат Мойноковичтен суранабыз, тапшырма беребиз: жамаат менен чогуу отуруп, кеңешип, талаш-тартыш болбогудай кылып институттун структурасын түзүп, анан ректоратка сунуштасанар. Биз аны жаңы окуу жылынын башталышына чейин өтө турган Окумуштуулар кеңешинде бекитип берсек, – деп сөзүн улантты Төлөбек Абдырахманов. – Юридикалык институт – бул Кыргызстандагы юридикалык билим берүүнүн, юридикалык аң-сезимдин, юридикалык идеологиянын борбору болуш керек. Бири-бирин түшүнүшө албай жаткан 2 жаатты бириктирүүгө Кынат Мойноковичтин тажрыйбасы, билими, адамгерчилиги, чыдамкайлыгы жетет болуш керек деп ойлойм. Институтта иштеп жаткан мугалимдер, лаборанттар – баардыгы сиздер үчүн “ала-буласы” жок, бирдей болушу керек. Бул – өтө чоң маселе. Ректораттын 3 суранычы бар: окуу жылын жакшы башташ керек, структураны сунушташ керек жана эки жаат биригип, оокат кылыш керек. Президенттин указы бар, башка бара турган жол жок. Татынакай, жакшы юрдикалык инстиут болушунар керек!

Андан кийин чыгып сүйлөгөн юридикалык институттун өкүлдөрү ректораттын бул чечимин колдоорун жана жаныдан директор болуп дайындалган Кынат Мойнокович жуктөлгөн милдеттин мүдөөсүнө чыгаарына ишенээрин билдиришти. 

Добавить комментарий