2023-жылдын 23-август күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Эл аралык медицина жана илим университетинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Токтокан Имарованы кабыл алды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө окуу процесси, илимий-метрикалык иштер жана академиялык мобилдүүлүк боюнча эки университеттин ортосундагы мамилелер талкууланып, соңунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Эл аралык медицина жана илим университетинин өз ара кызматташуусу тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Төлөбек Абдырахманов КУУнун жетекчилиги аталган багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, Улуттук университет көп жылдан бери келаткан чоң университет болгону менен, медицина багыты жаңыдан башталып атканын билдирди.

– Бул багыттын студенттер, окутуучулар, жатакана, лаборатория боюнча өзүнүн спецификалык проблемалары бар. Бирок, медицина факультетибиз бутуна туруп, өнүгөт деп ойлойбуз. Ошондуктан, силер менен кызматташууга даярбыз. Бири-бирибизге жардам берип, окутуучулар менен, студенттер менен алмашып, чогуу иштейли. Келишим акжолтой, майлуу-сүттүү, силерге дагы, бизге дагы пайдалуу келишим болсун, – деди КУУнун ректору.

Добавить комментарий