2024-жылдын 10-февраль күнү сайтыбыздын жогорку менюсундагы “Жалпы маалымат” рубрикасынын “Окумуштуулар кеңеши”, “Ректорат”, “Факультеттер”, “Факультеттер аралык кафедралар” жана “Институттар” (СГИИнин алдындагы А.Табалдиев атындагы социомаданий изилдөөлөр борбору) деген пункттары аккредитация жана QS-рейтинг өткөрүүчү уюмдардын талаптарына ылайык жаңыртылды. Калган пункттар да жакын арада ушул тартипте өзгөрөт.

Эми аталган материалдар менен эски сайтка шилтемеси жок эле, жаңы сайттан таанышууга болот.

Урматтуу түзүм жетекчилери!

Аккредитациядан өтүү үчүн өзүңүз жетектеген түзүм тууралуу маалыматты жогоруда айтылган “Жалпы маалымат” рубрикасынын жаңыртылган структурасын эске алып, кыргыз, орус, англис тилинде даярдап берсеңиздер. Эң негизгиси – мөөр басылган расмий документтерди .pdf-форматка өткөрүүнү телефондо эмес, атайын сканерде жасаңыздар.

Добавить комментарий