2024-жылдын 5-февраль күнү сайтыбыздын жогорку менюсундагы “Жалпы маалымат” рубрикасынын “КУУ тууралуу” деген пункту аккредитация жана QS-рейтинг өткөрүүчү уюмдардын талаптарына ылайык жаңыртылды. Калган пункттар да жакын арада ушул тартипте өзгөрөт.

Эми КУУнун уставы, жалпы мүнөздөмөсү, тарыхы, структурасы, жаңы желеги, герби жана гимни менен эски сайтка шилтемеси жок эле, жаңы сайттын өзүнөн таанышууга болот, гимнди укса да болот.

КУУнун мурдагы ректорлору тууралуу маалымат түп-тамырынан жаңыртылды. Эми, ар бир ректордун аты-жөнү, сүрөтүнө коюлган шилтемени бассаңыз, ал тууралуу толук маалымат өзүнчө баракчада ачылат.

Урматтуу түзүм жетекчилери!

Аккредитациядан өтүү үчүн өзүңүз жетектеген түзүм тууралуу маалыматты жогоруда айтылган “КУУ тууралуу” баракчанын жаңыртылган структурасын эске алып, кыргыз, орус, англис тилинде даярдап берсеңиздер.

Добавить комментарий