2023-жылдын 27-декабрь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Кыргыз-Япон борборунун (KRJC) директорлору Ацуму Иваи мырзаны (япон тараптан), Алмазбек Азимовду (кыргыз тараптан), JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Икеда Хироюки мырзаны, о.э. Кыргыз-Япон борборунун проекттеринин координатору Танака Шинья мырза менен өнүгүү программалары боюнча адиси Алмаз Жумагуловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Төлөбек Абдырахманов Кыргыз-Япон борборунун өкүлдөрүнө Улуттук университеттин жамаатынын атынан ыраазычылык билдирип, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады жана КУУнун ыраазычылык катын тапшырды.

– Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң коллективинин атынан сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Анткени, сиздер бизге абдан чоң жардам бердиңиздер: 7-окуу имаратындагы жылуулук системасынын ремонту аягына чыкты. Мындай масштабдуу ремонт ал имарат салынгандан бери болгон эмес. Экинчиси – келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Бул жылдагы ишиңиздерге ыраазычылык. Аманчылык, ден соолук жана тынччылык каалайм. Улуттук университет менен биргелешип жасап жаткан кызматыңыздар жемиштүү, абдан ийгиликтүү болсун, – деди КУУнун ректору.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук университет менен Кыргыз-Япон борборунун ортосундагы кызматташтыка тиешелүү башка маселелер да талкууланды.

Иш чарага о.э. эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алайбек Шамшиев катышты.

Добавить комментарий