Веб-аналитика тармагындагы SimilarWeb сервисинен алынган маалымат боюнча КУУнун сайтына 2023-жылдын Сентябрь-Ноябрь айларында жалпысынан 379 миң 357 адам кирип, өсүш Август-Октябрга караганда 71 миң 246, ал эми Июль-Августка караганда 135 миң 841 адамды түздү.

Бул сандар азбы, көппү? Бул суроого жооп алыш үчүн өзгөчө статус алган 5 университеттин көрсөткүчтөрүн карап көрөлү:

1. Сайтка кирген адамдардын саны (Сентябрь-Ноябрь, 2023):

  1. КУУ = 379 миӊ 357
  2. КММА = 267 432
  3. КМТУ = 200 027
  4. ОшМУ = 127 218
  5. КМАУ = 27 903

Мындан сырткары, ошол эле сервисте сайттардын глобалдуу жана жергиликтүү рейтингдери да аныкталган.

2. Сайттардын рейтинги (Сентябрь-Ноябрь, 2023):

Глобалдуу рейтинг (Дүйнө боюнча)

  1. КУУ = 221 миң 866 орунда
  2. КМТУ = 376 111
  3. КММА = 418 780
  4. ОшМУ = 708 158
  5. КМАУ = 4 788 168

Жергиликтүү рейтинг (Кыргызстан боюнча)

  1. КУУ = 231 орунда
  2. КММА = 658
  3. КМТУ = 1 210
  4. ОшГУ = 1 243
  5. КМАУ = 6 440

Диаграммаларда көрүнүп тургандай, КУУнун сайтынын көрсөткүчтөру жаман эмес.

Урматтуу кесиптештер жана сайтыбыздын коноктору!

Улуттук университеттин сайтынын көрсөткүчтөрүн жакшыртууга салым кошуп жатканыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирүү менен, басма сөз кызматы сиздерди ушул темптен жазбай, сайтка күндө кирип, КУУда болуп жаткан жаңылыктар менен таанышып, сунуш-пикирлер болсо айтып, дайым байланышта болуп турууга чакырат.

PS:

Мурунку айлардагы көрсөткүчтөр менен “Абалың кандай, knu.kg” рубрикасынан таанышууга болот.

Добавить комментарий