Ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен Юридикалык институттун экономика жана башкаруу факультетинин деканы, пед.и.к. Кыдыралиев Алмазбек Тойматович 2023-жылдын 21-июнунан тартып Окуу башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды. Жаңы жетекчини башкармалыктын жамаатына 21-июнь күнү окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев тааныштырды. Жыйындын башында ал Алмазбек Кыдыралиев тууралуу ректордун буйругун окуп, жаңы жетекчинин иштерине ийгиликтерди каалады. Алмазбек Кыдыралиев өз сөзүндө жооптуу кызматка дайындаганы үчүн КУУнун ректоруна ыраазычылык билдирип, көрсөтүлгөн ишенимди актоо үчүн талыкпай иштээрин билдирди.
Жыйын аяктаган соң окуу иштери боюнча проректор Алмазбек Кыдыралиевге кабинетин көрсөтүп, жаңы кызмат ордуна отургузду.