2023-жылдын 15-июнунда ректораттын жыйындар залында Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиевге “КУУнун ардактуу доктору” наамынын дипломун жана академиялык мантиясын тапшыруу аземи болду. Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Алайбек Шамшиев Элчи мырзага ардактуу наамды ыйгаруу жөнүндө Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 28-майындагы чечимин окуп берген соң, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Кайрат Осмоналиевге “КУУнун ардактуу доктору” наамынын дипломун жана академиялык мантиясын тапшырды.
Жаныдан гана ардактуу наамга ээ болгон Кайрат Осмоналиев элчилик кызматка дайындалгандан берки мезгилде аткарылган иштер жана келечек пландар тууралуу маалымат берип, Улутттук университет менен Баку мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташтык мамилелерин орнотууга салым кошоорун билдирди.