2023-жылдын 3-июль күнү ректордун буйругу менен түзүлгөн атайын комиссия Улуттук университеттин эн белгилерин кайра иштеп чыгуу боюнча жарыяланган конкурска келип түшкөн иштерди карады. Конкурстун Жобосуна ылайык келип түшкөн ар бир ишке жана авторлордун өздүк маалыматтары салынган конверттерге эки тамга, үч цифрадан турган эн белги коюлган. Конкурска келип түшкөн иштердин ичинен комиссия тарабынан ОМ 849 деген эн белги коюлган иш Жобонун талаптарына жооп берген жумуш катары бааланып, айрым бир толуктоолордун зарыл экендиги белгиленди.

Ал эми ОМ 849 эн белги коюлган конвертти ачканда университеттин символикаларын иштеп чыккан автор окуу жайыбыздын Фундаменталдык илимдер институтунун илимий кызматкери Омуров Максат Таалайбекович экендиги жана ал тарабынан иштелип чыгып, комиссия тарабынан жактырылган символикалар аталган институттун директору А.О.Рыспаевдин жетекчилиги менен институттун атайын отурумунда каралып чыккандыгы жана жактырылгандыгы белгилүү болду.

Добавить комментарий