2026-жылдын 22-октябрында Юридикалык институтта Административдик-финансылык жана маалыматтык укук кафедрасы тарабынан «Кыргыз Республикасында кабыл алынган мыйзамдардын натыйжалуулугу: укуктук жөнгө салуудагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр» аттуу илимий-практикалык тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын модератору кафедра башчысы, ю.и.д., профессор Эрлан Базарбаев болуп, ачылыш аземинде институт директорунун орун басары А.Б.Бакова жана кафедранын доценти, ю.и.к. М.С.Сатымкулов куттуктоо сөз сүйлөп, студенттерге кесиптик ийгиликтерди каалашты.
Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер актуалдуу темаларда баяндама жасап, кызуу талкуу уюштурушту:
- Дуйшеналиев Рысбек (2-курс) — «Цена ложного обвинения»
- Мисиров Шеркан (2-курс) — «Жалпы мыйзамдардын пайдасы»
- Кылычбеков Элмырза (2-курс) — «Мыйзам эл үчүнбү же эл мыйзам үчүнбү»
- Базарбаева Ализа (2-курс) — «Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин коомдук-экономикалык мааниси жана суу ресурстарын коргоодогу ролу»
- Саматов Амангелди (2-курс) — «Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана анын мамлекетке тийгизген пайдасы»
- Азат уулу Руслан (2-курс) — «Кыргыз Республикасынын Пробация жөнүндө мыйзамы»
- Кермакунова Самира (4-курс)- «Законодательство о защите прав женщин и борьбе с семейным насилием»
- Изабекова Дилнара (5-курс) — «Право женщины на безопасность после развода»
- Сыргакова Акылай (2-курс) — «Мыйзамдардын пайдасы жана зыяны»
Иш-чара катышуучулар үчүн чоң кесиптик тажрыйба болуп, келечектеги юридикалык жолдо мыйзамдын үстөмдүгүн жактаган чыныгы кесипкөй адис болуу каалоолору менен жыйынтыкталды.
(С) А.Б. Бакова — Юридикалык институттун директордун орун басары