2026-жылдын 21-октябрында Кыргызстан Эл аралык университетинин Борбордук кампусунун жыйындар залында «Мамлекеттик тилдин илимдеги орду» аттуу республикалык кереге кеңеш өттү. Иш-чарага Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун (СГИИ) социологиия жана социалдык иштер кафедрасынын доценти, Кыргызстандагы социологиялык ассоциациянын вице-президенти Бакытбек Малтабаров, Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессору, фил.и.д. Бактыгүл Темирова, ага окутуучу Медина Мырзанаева катышты.
Кереге кеңештин негизги максаты – мамлекеттик тилдин илимдеги ордун жана маанисин талкуулоо, илимий изилдөөлөрдө кыргыз тилин кеңири колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу, ошондой эле мамлекеттик тилдеги илимий терминологияны өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү актуалдуу маселелер катышуучулардын кароосуна коюлду:
- Кыргыз тили бүгүнкү күндө илимдин бардык тармактарын тейлөөгө канчалык даяр?
- Илимий терминдерди кыргызчалаштырууда кайсы принциптерге таянуу керек?
- Кыргыз тилиндеги илимий адабияттардын санын жана сапатын кантип жогорулатууга болот?
- ЖОЖдордо илимий иштерди мамлекеттик тилде жазууга кандай шарттарды түзүү зарыл?
- Илимий маалыматтарды кыргыз тилинде санариптештирүүнүн кандай жолдору бар?
- Жаш окумуштуулардын кыргыз тилинде илимий иш жүргүзүүсүнө кандай колдоо көрсөтүү керек?
Кереге кеңешке о.э. УИАнын академик А. Алтымышбаев атындагы Философия институтунун, Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институтунунун, К.Карасаев атындагы БМУнун, И. Арабаев атындагы КМУнун жана башка ЖОЖдордун, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын карамагындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун өкүлдөрү катышып, өз ой-пикирлерин ортого салышты.
Кереге кеңештин соңунда тиешелүү резолюция талкууланып, кабыл алынды. Иш-чаранын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
(С) Н.Б.Токоева — СГИИнин социология жана социалдык иштер кафедрасынын ага окутуучусу