2026-жылдын 6-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында белгилүү окумуштуу, манастаануучу, педагог, котормочу жана коомдук ишмер Зияш Бектеновдун 115 жылдыгына арналган «Зияш Бектенов — көрүнүктүү агартуучу жана залкар окумуштуу» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Зияш Бектеновдун 115 жылдыгы КУУда белгилениши бекеринен эмес, ал 1961-жылдан өмүрүнүн акырына чейин, башкача айтканда, 1994-жылга чейин Жусуп Баласагын атындагы КУУнун (ал кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) филология факультетинде ага окутуучу, доцент, ал эми 1991-жылдан тартып ардактуу профессор болуп эмгектенген.
Жыйынды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, залкар окумуштуунун манастаануу илимине кошкон салымына токтолду. Ошондой эле 1933-жылы Ташым Байжиев менен биргеликте 3–4-класстар үчүн кыргыз тили боюнча алгачкы окуу китебин, ал эми 1949-жылы орто мектептер үчүн кыргыз адабияты боюнча биринчи окуу китебин түзгөнүн баса белгиледи.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышып, өз сөзүндө Зияш Бектенов менен маектешип, андан тарыхый маалыматтарды алганын эскерди. Мамлекеттик катчы кыргыздын көрүнүктүү агартуучуларынын өмүрүнө жана эмгек жолуна кайрадан кайрылуу тарыхка объективдүү баа берүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.
КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, профессор Назаркул Ишекеев, профессор, педагогика илимдеринин доктору Жеңишбек Чыманов сыяктуу окумуштуулар Зияш Бектенов тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, 20-кылымдагы кыргыз интеллигенциясынын залкар өкүлдөрүнүн бири менен шакирт жана замандаш катары байланышта болгонун сыймыктануу менен белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Акбар Рыскулов өз сөзүндө Зияш Бектеновдун латын жазуусун үйрөтүүгө активдүү катышканын жана анын котормочулук өнөрүн белгиледи. Ошондой эле окуу жайда Зияш Бектеновдун көркөм котормолорун илимий багытта изилдеп, бул мураска кайрылган жаш окумуштуулар көбөйсө деген сунушун билдирди.
Эл аралык конференцияда Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Тил саясаты комитетинин төрагасы Эрбол Тлешов жана М.Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинин Башкырт филология факультетинин доценти Айтуган Куланчин да сөз сүйлөштү.
Мындаш тышкары Зияш Бектеновдун урпактары Чынара Зияш кызы жана анын уулу Азат Бектенов окумуштуунун өмүрү менен чыгармачылык мурасын түбөлүккө калтыруу, анын ысымын коомчулукка, айрыкча жаш муундарга кеңири жайылтуу багытында бир катар иштерди жүргүзүп келе жатканы белгиленди.
Конференцияда Зияш Бектеновдун Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгондугу, 1950-жылдын 5-майында кайрадан негизсиз камакка алынганы тууралуу тарыхый маалыматтар да айтылды. Ошондой эле анын замандаштары жана үзөңгүлөштөрү — белгилүү манастаануучу, адабиятчы, фольклорист Ташым Байжиев жана чыгаан адабиятчы, илимпоз Тазабек Саманчиндердин тагдырлары тууралуу эскерүүлөр айтылды.
Эл аралык конференциянын алкагында илимий баяндамалар жасалып, секциялык отурумдарда Зияш Бектеновдун өмүрү, илимий-педагогикалык ишмердиги жана чыгармачылык мурасын изилдеген окутуучулардын илимий эмгектери талкууланды.