2026-жылдын 3-октябрында Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттык топ Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктү шаарындагы А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтуна иш сапары менен келди..
КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундуз Базакеева баш болгон институттун профессордук-окутуучулар жамааты менен болгон жолугушууда окуу жайдын инфраструктурасына байланышкан маселелер талкууланды. Парламент башчысы о.э. окуу жайдын ишмердүүлүгү, билим берүү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып, педагогикалык жамааттын жана студенттердин сунуш-пикирлерин укту. Жолугушуунун жыйынтыгында Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин атынан институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөк көрсөтүлөрүн билдирди.
Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктү шаарындагы А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтунун жамааты мамлекетибиздин эң алыскы аймактарынын бири болгон Лейлек-Сүлүктү чөлкөмүн кадр менен камсыз кылуунун келечегин терең ойлоп, окуу жайдын көйгөйлөрүн Жогорку Кеңештин трибунасынан көтөрүп келген депутат Исманали Жороевге, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Тойчиевге, Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш.Абдыжапаровго, КУУнун ректору Д.Т.Чонтоевге студенттердин, окуу жайдын эмгек жамаатынын жана бүтүндөй Сүлүктү элинин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.
Окуу жайыбызды ар тараптан өнүктүрүүдө үзүрлүү иш-аракеттерди жасап жаткан КУУнун жалпы жетекчилигинин салымы өтө чоң экенин белгилеп, алардын иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
(С) Айша Абдиева — ФжПББ кафедрасынын ага окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты