2026-жылдын 21-сентябрында Кыргыз улуттук университетинде Жусуп Баласагын күнүнө карата «Баласагындын мурасы — түрк дүйнөсүнүн жаштарынын өнүгүү жолунда руханий көпүрө» аттуу илимий-практикалык студенттик конференция болуп өттү.

Иш-чарага түрк дүйнөсүнүн жогорку окуу жайларынын студенттери, Түрк дүйнөсү жаштар кеңешинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Жаштар парламентинин жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Конференцияны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, 21-сентябрь — Жусуп Баласагын күнү Улуттук университет үчүн маанилүү дата экенин айтып, улуу ойчулдун ысымын алып жүргөн окуу жай анын руханий мурасын даңазалоо жана кийинки муундарга жеткирүү багытындагы иштерди туруктуу түрдө улантып  келе жатканын баса белгиледи. Ректор андан ары Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» дастаны бүгүнкү күнгө чейин илимий, тарбиялык жана философиялык мазмуну менен актуалдуулугун жоготпой келе жатканын белгилеп, конференцияда жаштар тарабынан айтылган курч ойлор жана жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий алакасын өнүктүрүүгө зор салым кошоруна ишенимин билдирди.

Атайы конок катары чакырылган КРнын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыгүл Каламбекова Баласагындын мурасын улантууга аракет кылып жаткан жаштардын демилгелерине жогорку баасын берип, келечек муундун чыгармачыл жана илимий изденүүлөрүнө ишеним артарын айтты.

Конференциянын жүрүшүндө жаштар илимий баяндамаларын сунуштап, Жусуп Баласагындын чыгармасындагы эң негизги идеялык маанисин ортого салышты. Катышуучулар анын чыгармаларындагы терең философиялык ойлорду, насааттарды жана адамзаттык баалуулуктарды талкуулашты. Ошондой эле «Кут алчу билим» дастаны тарыхый-этнографиялык, лингвистикалык жана социологиялык маалыматтарды камтыган, түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын изилдөөдө өзгөчө мааниге ээ болгон эмгек катары талкууланды.

Жаштардын иш-чарасы Жусуп Баласагындын ысымы менен түзмө-түз байланышкан Чүй облусундагы «Бурана мунарасы» археологиялык-архитектуралык музей комплексинде улантылды.

Белгилей кетсек, XI кылымда Баласагын шаарында Жусуп Баласагын туулуп-өскөндүгү белгилүү.