2026-жылдын 21-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Азербайжан туризм жана менеджмент университетинин туризм жана мейманкана факультетинин деканы, профессор Бахадур Билалов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, азербайжандык профессордун Улуттук университетке келиши академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, студенттер жана окутуучуларды алмашуу программаларын ишке ашырууга салым кошоору белгиленди.
Белгилей кетсек, Бахадур Билалов Түрк университеттер биримдигинин демилгеси менен түзүлгөн «Орхун» академиялык алмашуулар программасынын алкагында 21-26-сентябрь күндөрү КУУнун География, экология жана туризм факультетинин 1-3 курс студенттерине конок лекция окуйт.