Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Аскар Медетов көркөм сынга жана адабият илимине кошкон салымы үчүн Эл аралык TURKSOY уюмунун медалы менен сыйланды. Урматту Аскар Советович, сизди алган сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз. Азыркы учурдагы адабият боюнча жазган макалаларыңыз жогорку илимий теориялык деңгээли, көркөм-эстетикалык талдоолору менен айырмаланат. Китеп кылып чыгарсаңыз адабият боюнча окуу куралы болуп калаары шексиз. Сизди жакшылык жылоолоп, илимий чыгармачылыгыңыз жемиштүү боло беришине тилектешпиз.