2023-жылдын 12-17-июнь күндөрү Фундаменталдык илимдер институтунун директору Амантур Рыспаев жасалма интеллект боюнча Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы окуу курсунан өтүп келди. Сапардын алкагында ал о.э. Европадагы 2-инкубация борбору деп эсептелген Стамбул техникалык университетиндеги “Arı Teknokent”, Түркиянын Силикон өрөөнүндөгү “Bilişim Vadisi”, түрк электромобилинин түзүлүшүн изилдөө боюнча “TOGG”, коргонуу тармагында технологияны өнүктүрүү боюнча «Baykar Makina», о.э. “Türkiye Teknoloji Takımı Deneyap Atölyeleri”, “DD Tech”, “Kodris”, “Fimple” сыяктуу Туркиянын эң алдыңкы жогоку технологиялык парктары менен таанышты.
Окуу курсу Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы, «Ulut Soft» компаниясы жана Евразия бизнес клубу менен биргеликте уюштурулуп, «Ulut Soft» компаниясынын президенти Мирбек Окенов мырзанын жетекчилигинде ишке ашырылды. Сабактарга Улут Софт, Санарип долбоор, PetaByte, Нур-Хан IT-компаниялары, о.э. Россиянын «DIGI» компаниясы жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Алар Түркиянын технологиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү факторлор менен жакындан таанышып, келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.
Сапардын негизги максаты – Евразия чөлкөмүндөгү өнөр жай жана каржы борборлорунун бири болгон Стамбулдагы жогорку технологиялык экосистемалардын иш-тажрыйбалары, IT тармагындагы Түркиянын билим берүү системасы менен таанышуу болчу.
Белгилей кетсек, технологиялык экосистемадагы изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүк – өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу технологиялык тарыхы кыска болгон Түркия Республикасы эл аралык атаандаштыкты олуттуу түрдө өнүктүрүп, аймактагы инновациялык технологиялардын эпицентри болууну максат кылууда.