2023-жылдын 30-июль – 5-августунда Астана (Казакстан) шаарынын Назарбаев университетинде 65-Туруктуу Эл аралык Алтаистика конференциясы болуп өттү. Бул маанилүү иш-чараны 65-жыйындын төрагасы, Назарбаев университетинин Казак тили жана турк изилдөөлорү кафедрасынын башчысы, профессор Юлай Шамильоглу ачты. Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Ш. Мустафаев, Назарбаев университетинин академиялык маселелери боюнча вице-провосту доктор Лоретта О’Донелл, ПИАКтын Генералдык Президенти Оливер Корфф ж.б. куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Гулжамал Жаманкулова Назарбаев университетинин китепканасына «Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы» (1, 2 том), «Байыркы кыргыз тили», «Алтай тектүү элдердин цивилизациясы» аттуу китептерин белекке тапшырды.
Пленардык жыйындан соң Эл аралык Түрк Академиянынын “Надписи Илтериш Кутлуг кагана” деген темадагы презентациясы башталды. Негизги докладды “Resent Discoveries of New Orkhon Inscriptions in Mongolia” деген темада Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Ш.Мустафаев жасады. Андан кийин Гүлжамал Жаманкулова “Ilteiis Kutlug Kagan – in Written Sources/Илтерис Кутлуг каган – жазма булактарда” деген темада докладдын презентациясы жасады. Доклад абдан жакшы кабыл алынды.