Түрк университеттер союзу (TURKUNIB) түрк дүйнөсүнүн студенттери үчүн маанилүү билим берүү мүмкүнчүлүгүн жарыялайт.
Ташкент шаарындагы Жашыл университет (Green University) 2026-жылкы кабыл алуу үчүн түрк өлкөлөрүнөн келген эл аралык студенттерге 50 стипендиялык орун бөлдү.
Жеткиликтүү программалар
Бакалаврдык программалар:
- Айлана-чөйрө жана туруктуу башкаруу
- Экология жана мамлекеттик башкаруу
- Юриспруденция
- Жашыл экономика
Магистрдик программалар:
- Туруктуу өнүгүү
- Экологиялык укук
- Айлампа экономика
- Туруктуу туризм
- Туруктуу финансы
- Экология илимдери, талдоо жана башкаруу
- Айлана-чөйрөнү коргоо (жаратылышты коргоо)
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү электрондук дарекке кайрылсаңыздар болот: international@greenuniversity.uz
Бул демилге студенттерге туруктуу өнүгүүгө байланышкан багыттар боюнча жогорку билим алуу жана түрк дүйнөсүндө туруктуу өнүгүү жаатындагы лидерлердин жаңы муунун калыптандырууга салым кошуу үчүн баалуу мүмкүнчүлүк берет.
Жашыл университет, жеткиликтүү билим берүү программалары жана стипендия мүмкүнчүлүгү тууралуу кеңири маалымат камтылган тиешелүү документтер тиркелди.
(С) Чынар Журабаева — Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин башкы адиси