2026-жылдын 24-июль күнү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, Улуттук университеттин Бишкектеги жана аймактардагы колледждерине, о.э. факультет/институттардын орто кесиптик бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева алып барган жыйынга университеттин Бишкектеги жана аймактардагы колледждери менен факультет/институттарынын орто кесиптик бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу университеттин Бишкектеги жана аймактардагы колледждериндеги жана орто кесиптик бөлүмдөрүндөгү адистиктерге катталган абитуриенттердин, ал адистиктер боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир адистик боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Жыйындын соңунда проректор Кундуз Базакеева Нарындагы агрардык, техникалык-экономикалык, Кадырбай Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждеринин, Баткендеги көп тармактуу колледждин жана Сүлүктүдөгү педагогика жана коммуникациялар колледжинин жетекчилеринин суроолоруна жооп берип, абитуриенттерди кабыл алууда окуу тайпасындагы студенттердин саны 15тен кем болбошу керектигин дагы бир жолу эскертти.
2-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.