2026-жылдын 22-июль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гранттык комиссиясынын отуруму болуп, КУУнун бакалавриаты менен магистратурасына абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, Бишкектеги жана аймактардагы факультеттердин декандары менен институттардын директорлору катышты.

Отурумдун алдында ректор кабал алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратындагы №2-дарсканада кабыл алуу комиссиясынын техкатчылары менен жыйын өткөрүп, эмгек өргүүсү маалында күндүн ысыктыгына карабай өз милдеттерин аткарып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирүү менен, абитуриенттер жана алардын ата-энелерине жылуу-жумшак, сылык жана маданияттуу мамиле кылып, пайда болгон маселелерди тез жана оперативдүү чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Андан кийин 126-дарсканада гранттык комиссиясынын отуруму болуп, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов 2-турда Улуттук университетке жалпысынан 2 миң 298 абитуриент катталганын (анын ичинен 879 — бюджет, 1419 — контракт), ал эми эки турдун жыйынтыгы менен катталган абитуриенттердин саны 9 миң 541 болгонун маалымдады. Андан ары ал “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйынга о.э. аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева жана административдик-чарбай иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов катышты.

2-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий