2026-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Инновациялык борборунда «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоорунун алкагында түзүлгөн Академиялык инновациялык фонддун гранттык келишимдерине кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын катышуучуларына министрдин орун басары, «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун улуттук координатору Дурус Исакбаевич Козуев куттуктоо сөзү менен кайрылып, сынак үч этап менен өткөрүлгөнүн, жыйынтыгында 196 сунушталган долбоордун ичинен 6 долбоор жеңүүчү болуп тандалганын айтып, алардын өлкөнүн жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү илимий жана практикалык маанисин өзгөчө белгиледи.

Жеңүүчү долбоорлордун катарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Физика жана электроника факультети тарабынан Ысык-Көл илимий станциясынын базасында даярдалган «Борбордук Азиядагы стратосфералык жана тропосфералык озондун узак мөөнөттүү мониторинги жана тренддерин DOAS ыкмасы жана Sentinel-5P спутнигинин маалыматтарынын негизинде талдоо» аттуу долбоору да бар.

Гранттык келишимге кол коюу аземине Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Д.Т.Чонтоев катышты.

Академиялык инновациялык фонддун грантынын суммасы 8 781 000 сомду түзөт. Долбоор КУУнун Ысык-Көл илимий станциясында ишке ашырылат жана үч жылга чейинки мөөнөткө эсептелген.

Долбоордун негизги жыйынтыктарынын бири катары жогорку тактыктагы автоматташтырылган Pandora 1S спектрометрин сатып алуу жана КУУнун Ысык-Көл илимий станциясын Pandonia Global Network (PGN) эл аралык тармагына кошуу каралган. Дифференциалдык оптикалык абсорбциялык спектроскопия (DOAS) ыкмасына негизделген бул заманбап прибор атмосферадагы жалпы озондун, азот диоксидинин жана башка газдык компоненттердин курамына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Тийиштүү конфигурацияда прибор парник газдарынын, анын ичинде көмүр кычкыл газынын (CO₂) жана метандын (CH₄) концентрациясын өлчөп, глобалдык климаттын өзгөрүшүнө таасир эткен негизги факторлорду изилдөөгө шарт түзөт.

Учурда Ысык-Көл илимий станциясы эл аралык илимий коомчулук тарабынан таанылган изилдөө борборлорунун бири болуп саналат. Ал Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (WMO) Global Atmosphere Watch (GAW) программасынын аймактык станциясы болуп эсептелет жана АКШнын Улуттук аэронавтика жана космостук изилдөөлөр башкармалыгынын (NASA) AERONET эл аралык тармагына кирет. Бул станцияда көп жылдан бери атмосфералык аэрозолдорду, күн радиациясын жана Борбордук Азиянын атмосферасында жүрүп жаткан процесстерди изилдөө боюнча байкоолор жүргүзүлүп келет.

Долбоордун ишке ашырылышы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий-изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет. Дүйнөлүк деңгээлдеги жабдууларды пайдалануу эл аралык стандарттарга жооп берген илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, жогорку рейтингдүү илимий журналдарда макалаларды жарыялоого, ири эл аралык илимий долбоорлорго жана гранттарга катышууга, ошондой эле атмосфералык физика, климатология, Жерди аралыктан зонддоо жана экологиялык мониторинг багыттары боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

Долбоор Кыргыз Республикасынын илимди өнүктүрүү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, илимий изилдөөлөрдү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарына, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарына жана эл аралык климаттык келишимдердин талаптарына толук жооп берет.

Физика жана электроника факультетинин жамаатын жана Ысык-Көл илимий станциясынын кызматкерлерин бул абройлуу улуттук сынактагы жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышын каалайбыз. Анын жыйынтыктары ата мекендик илимдин өнүгүшүнө, эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дүйнөлүк илимий коомчулуктагы кадыр-баркын дагы да жогорулатууга олуттуу салым кошот.

(С) Токтогонов С.А. — Физика жана электроника факультетинин деканы, доцент

Добавить комментарий