КУУнун эл аралык кызматташуу жана байланыштар боюнча депатаменти Корея Республикасынын Сеул улуттук университетинин стипендиялык программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталдыгын билдирет.
Программа өнүгуп келе жаткан өлкөлөрдөгү ири университеттердин мугалимдерине (Азия, Африка жана Түштүк Америка аймактарына артыкчылык берилет) философия докторлук даражасын алуу мумкүнчүлүгүн сунуштайт. Талапкер ири жогорку оку жайындагы кызматкери болуп, докторлук (PhD) даражасына ээ болбошу зарыл.
Бул программа тандалган талапкер үчүн төмөнкү шарттарды сунуштайт:
- алты семестрге чейинки окуу акысынан толук бошотуу;
- ай сайын стипендия менен камсыздоо (4 жылга 1 500 000 KRW же 3 жылга 2 000 000 KRW);
- эки тараптуу авиабилет жана медициналык камсыздандыруу;
- балдарга кам көрүү боюнча колдоо, ошондой эле корей тили боюнча окуу курстары каралган.
Программа жана катышуу шарттары тууралуу кеңири маалыматты Сеул улуттук кабыл алуу комиссиясынын веб-сайтынан алууга болот .
Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер 2027-жылдын жазгы семестри боюнч Сеул улуттук университетинин программасына тапшыруу менен катар, 2026-жылдын 6-июлунан 2026-жылдын 9-июлуна чейинки мезгилде SPF стипендиялык прораммасына дагы арыз берүүгө тийиш.
SNU President Fellowship Program (SPF) Application