2026-жылдын 16-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Испаниянын Валенсия университетинин докторанты Тинка Гарденги айымды кабыл алды.

Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департамент көмөгү менен уюштурулган жолугушууда Ысык-Көл форумуна катышуу жана кыргыз адабияты кафедрасында 15-июндан 15-июлга чейин илимий стажировкадан өтүү үчүн келген Гарденги айымга (жетекчиси, ф.и..д., проф. К.Абакиров) Улуттук университет академиялык багытта көмөкчү болору айтылды.

Валенсия университетинин докторанты жылуу кабыл алгандыгы үчүн ректорго ыраазычылык билдирип, стажировка учурунда Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө менен алектенээрин кабарлады.

Добавить комментарий