2026-жылдын 16-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуу жайдын аймактык институттарынын билим берүү программаларын лицензиялык экспертизадан өткөрүү үчүн түзүлгөн эксперттик комиссиялар өз ишин баштады.

Аталган текшерүүдөн КУУнун Кызыл-Кыядагы М.М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институтунун, Сүлүктүдөгү А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтунун, Кызыя-Кыядагы технология, экономика жана укук институтунун, С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун жана Баткен аймактык көп тармактуу институтунун орто, жогорку жана магистрдик кесиптик билим берүү программалары өтөт.

Жыйынды биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев ачып, аймактык институттардын билим берүү программаларын экспертизадан өткөрүү — алар үчүн да, Улуттук университет үчүн да маанилүү иш-чара экендигин белгиледи. Анткени, бул процедура аймактык институттардагы билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Андан ары ал катышуучуларды эксперттик комиссиялардын курамы менен тааныштырып, комиссия мүчөлөрүнүн ишине ийгиликтерди каалады.

Аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева аймактык институттардын КУУга кошулганга чейинки жана азыркы абалы тууралуу кыскача маалымат берип, түзүм жетекчилеринин комиссия мүчөлөрүнө так жана толук маалымат бериши өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Эксперттик комиссиялар өз ишин 17-июнда жыйынтыктайт.

Добавить комментарий