2026-жылдын 23-24 апрель күндөрү Москва шаарындагы «Россия» Улуттук борборунда «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун түзүлгөнүнүн эки жылдыгына арналган «Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы» аттуу эл аралык форум болуп өттү.
Евразия мейкиндигиндеги элдердин тарыхый мурасын сактоо, улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулуп, эл аралык деңгээлдеги маанилүү аянтча катары жогорку деңгээлде өткөрүлгөн иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, ошондой эле билим берүү, маданият жана бизнес тармагынын адистери катышып, евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан илимий иштер боюнча проректор Камчыбек уулу Мырзабек, окуу бөлүмүнүн башчысы Кыдыралиев Алмазбек жана ректораттын аппарат жетекчиси Касмакунов Ынтымак аталган форумга катышып, «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү салым кошушту.
Форумдун алкагында «Орус тили — евразиялык интеграциянын коду» аттуу панелдик сессия өткөрүлүп, билим берүү тармагындагы интеграциялык процесстер, тилдин ролу жана маданий байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму Ж.Баласагын атындагы КУУнун стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте КУУда ишке ашырылган билим берүү, социалдык жана илимий долбоорлор эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтүп келет.
Университет өкүлдөрүнүн бул форумга катышуусу жаңы байланыштарды түзүүгө, тажрыйба алмашууга жана эл аралык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.