Улуттук университеттин 1-курс студенти Дастан Иманалиев 2026-жылдын 16-19-апрель күндөрү Ош шаарында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча жаштар арасындагы биринчилигинде 65 кг салмак категориясы боюнча биринчи орунду ээлеп, өлкө чемпиону аталды.
2026-жылдын 27-апрелинде КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Олимпиада чемпиону, КУУнун факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын профессору, Дастандын машыктыруучусу Каныбек Осмоналиев жана И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун 1-курс студенти, спорт чебери Дастан Иманалиев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө оор атлетика боюнча жаштар арасындагы биринчилик тууралуу пикир алышуу болуп, Дастандын 2026-жылы өтө турган Азия биринчилигине жана Катар мамлекетинде өткөрүүлүчү жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугуна даярданып жатканы белгиленди. Ал буга чейин да жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүлгөн Универсиаданын, о.э. эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп келген.
Ректор Улуттук университеттен оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев сыяктуу спортчулардын жолун улаган жаштардын чыгып жатышы сыймык экенин белгилеп, алдыдагы эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.