12-апрель – дүйнө жүзү боюнча Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнүнө арналган Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин физика жана электроника факультетинде салтка айланган “Физиктер күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш чаранын алкагында факультеттин деканы доцент Токтогонов С.А. агайыбыз факультетибиз жана факультеттин үлгүлүү бүтүрүүчүлөрү жөнүндө доклад жасады.
Окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштердеги өзгөчө активдүүлүгү менен айырмаланган факультеттин 23 студентине атайын стипендиялар тапшырылды. Бул демилге таланттуу жаштарды колдоо жана аларга дем берүү максатында Ташмат Карашевдин үй-бүлөсү жана факультеттин деканы, окуу иштери боюнча декандын оорун басары, кафедра башчылары тарабынан ишке ашырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү жагдайларга басым жасалды:
- Илимий потенциал: Студенттердин так илимдерге болгон кызыгуусун арттыруу жана кесипкөй адистерди даярдоо.
- Коомдук активдүүлүк: Университеттин турмушуна аралашып, уюштуруу иштеринде алдыда болгон жаштарды баалоо.
- Үзгүлтүксүз колдоо: Кафедра башчылары жана демөөрчүлөр тарабынан мындай колдоолор келечекте дагы улана турганы белгиленди.
Факультеттин жетекчилиги жана жалпы жамааты Ташмат Карашевдин үй-бүлөсүнө жаш илимпоздорго көрсөткөн камкордугу жана кайрымдуулугу үчүн терең ыраазычылык билдиришти.
Сыйлык алган студенттерди куттуктайбыз жана алардын окуусуна ийгиликтерди каалайбыз!
(С) Тыныбек к. Айдана — тарбия иштери боюнча декандын оорун басары
Автордун стилистикасы менен грамматикасы толугу менен сакталды


