2026-жылдын 6-апрелинде Ж.Баласагын атындагы КУУнун 2026–2027-окуу жылына карата «Кесипке багыт берүү» иш-чарасын Аламүдүн районунун мектептеринде өткөрүү графигине ылайык  Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борбору менен Чет тилдер институтунун мугалимдер жана студенттер жамааты Арашан айылындагы Ф.А. Стрельникова атындагы орто мектепте жана Сырттан окуу орто мектебинде болуп кайтышты.

Кесипке багыт берүү иш-чарасынын жүрүшүндө институттун ага окутуучусу Самсалиев А. университет жана институттун тарыхы тууралуу кеңири маалымат берип, азыркы учурда чет тилдердин ролу өтө зор экенин баса белгиледи. Ал дүйнөлөшүү шартында чет тилдерин билүү ар бир жаш адис үчүн негизги талаптардын бири болуп жатканын, бул багытта Чет тилдер институту студенттерге сапаттуу билим берүү менен бирге эл аралык мүмкүнчүлүктөргө жол ачып жатканын белгиледи.

Андан соң француз тилинин окутуучусу Сапарбекова М. Б. окуучуларга француз тили тууралуу кеңири баяндама жасап, бул тилдин дүйнөлүк маданияттагы орду, эл аралык уюмдардагы мааниси жана аны үйрөнүүнүн артыкчылыктары тууралуу кызыктуу маалыматтарды берди. Ал ошондой эле француз тилин өздөштүрүү аркылуу студенттердин академиялык мобилдүүлүк программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү жогорулай турганын белгиледи.

Ошол эле учурда ЛФ-1-22 тайпасынын студенти Даткаева Акмоор презентация көрсөтүп, окуучуларга «Эразмус+» программасы жана Пуатье университети тууралуу кеңири маалымат берди. Ал өз сөзүндө чет өлкөдө билим алуу тажрыйбасы, студенттик алмашуу программаларынын артыкчылыктары жана аларга катышуунун жолдору тууралуу айтып, окуучуларды активдүү болууга чакырды.

Ал эми ЛН-1-22 тайпасынын студенти Асылбек кызы Жасмин Германияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, Людвигсбург университети тууралуу презентация аркылуу окуучуларга кеңири түшүндүрмө берди. Ал Германиядагы билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, тил билүүнүн маанисин жана чет өлкөдө окуунун келечектеги карьерага тийгизген оң таасирин мисалдар менен түшүндүрдү.

Иш-чара интерактивдүү жана мазмундуу форматта өтүп, окуучулар активдүү катышышты. Жолугушуунун соңунда мектеп администрациясы Чет тилдер институтунун жамаатына ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар окуучулар үчүн абдан маанилүү экенин белгилешти. Өз кезегинде институттун өкүлдөрү мындан ары да мектептер менен тыгыз кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле Физика жана электроника факультетинин доценти Бакирова Элизат Медеткановна, Химия жана химялык технология  факультетинин доценти Осмонова Сайрагүл Сабыралиевна катышты.

Жыйынтыгында, аталган кесипке багыт берүү иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду. Мындай иш-чаралар жаштарга туура кесип тандоодо, келечек багытын аныктоодо жана билимге болгон кызыгуусун арттырууда чоң өбөлгө түзөт.

(С) Дилдебаева А. — Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борборунун жетектөөчү адиси, Самсалиев А.М.Чет тилдер институнун диркетордун илим боюнча орун басары

Добавить комментарий