2026-жылдын 6-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жана Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматованын катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Жыйынга өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ректорлору жана тарбия иштери боюнча проректорлору катышты. Кеңешменин негизги темасы — жаштардын дүйнө таанымын калыптандырууда жогорку окуу жайлардын ролун күчөтүү жана тарбия иштерин системалуу уюштуруу болду.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдө 85 жогорку окуу жай иш алып барып жатканы белгиленип, алардын билим берүү менен катар тарбия иштерине да өзгөчө көңүл буруусу зарылдыгы айтылды. Ошондой эле жаштардын руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын калыптандыруу багытындагы иштерди күчөтүү жана системалуу негизде жүргүзүү зарылдыгы баса белгиленди.

Белгиленгендей, жогорку окуу жайлар билим берүү менен гана чектелбестен, студенттердин инсандык калыптанышына, коомдогу ордун табуусуна, жүрүм-турумуна жана улуттук баалуулуктарды урматтоосуна шарт түзүүгө тийиш.

Ошондой эле руханий жактан өнүккөн, адеп-ахлактуу жана жоопкерчиликтүү жаранды тарбиялоо жогорку билим берүү системасынын негизги милдеттеринин бири экени белгиленди. Бул багытта мамлекет башчысынын инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнө жана улуттук баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган жарлыктарынын мааниси өзгөчө белгиленди.

Тарбия иштерин жүргүзүүдө формалдуу ыкмалардан баш тартып, мазмундуу жана системалуу иш алып баруу зарылдыгы айтылды. Атап айтканда, маданий-массалык иш-чаралар жана куратордук сааттар менен гана чектелбестен, студенттердин инсандык өнүгүүсүнө багытталган жаңы, натыйжалуу ыкмаларды киргизүү зарылдыгы белгиленди.

Катышуучулар улуттук билим берүүнүн идеалы — руханий жактан өнүккөн, адеп-ахлактуу, чыгармачыл, Ата Мекендин тагдырына кайдыгер карабаган жана жоопкерчиликтүү жаранды калыптандыруу экенин белгилешти.

Жыйындын жыйынтыгында жогорку окуу жайлардын жетекчилерине жаштарды тарбиялоо иштерин күчөтүү, студенттердин патриоттук сезимин, жарандык жоопкерчилигин жана маданий деңгээлин жогорулатуу, өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү, ошондой эле өзүн-өзү башкарууга багыттоо боюнча иштерди активдештирүү чакырыгы айтылды.

Кеңешменин алкагында Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Улуттук университеттин жаңы курулуп жаткан имаратынын курулушу жана кырдаалдык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Добавить комментарий