2026-жылдын 2-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кытай Эл Республикасынын белгилүү Ланьчжоу транспорт университетинин Илим жана технология департаментинин директору Чжан Жунлин менен Эл аралык байланыштар борборунун директору Чжан Сийин мырзалар келишти. Делегация мүчөлөрүн илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты. Айрыкча приоритеттүү билим берүү программаларын ишке ашыруу, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү маселеси каралып, студенттер менен окутуучуларды өз ара алмашуу программаларын активдештирүү зарылдыгы белгиленди. Бул багытта эки тарап тең тажрыйба алмашуу жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалашты.
Жыйынтыгында проректор Мырзабек Камчыбек уулу Улуттук университет КЭРдин транспорт тармагындагы алдыңкы ЖОЖдорунун бири болгон Ланьчжоу транспорт университети менен келечекте кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Жолугушууга о.э. КУУнун Эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков, Илим жана илимий-аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Качкын уулу жана Конфуций институтунун директору Жылдыз Усенбаева катышты.