2026-жылдын 1-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү жарлыкты жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик тил менен улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган “Уңгу жол: улуттук тамыр жана заманбап өнүгүү” аттуу мамлекеттик тил боюнча  студенттик олимпиаданын ачылыш аземи болду.

Жыйынды мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, сөз кезегин КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевге берди.

Ал аталган олимпиада Улуттук университетте 2010-жылдан бери жыл сайын апрель айында өткөрүлүп келе жатканын, анын негизги максаты — студенттер арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаштардын руханий дүйнөсүн байытуу экендигин, окуу жайдын 100 жылды белгиленген өткөн жылы бул олимпиада республикалык деңгээлде өткөрүлүп, биринчи этабы Ош шаарында, экинчи этабы Бишкек шаарында жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүн белгиледи. Ректордун айтымында, бүгүнкү олимпиада — жөн гана билим таймашы эмес, улуттук аң-сезимди ойготуп, тилге болгон сүйүүнү арттыруучу маанилүү иш-чара. «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу бизди бир гана улуттук чекте эмес, дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүртүүгө, билим алууга жана өнүгүүгө үндөйт.

Калыстар тобунун төрайымы, “Манас” улуттук академиясынын сектор башчысы, ф.и.к., доцент Чынара Салиеванын кайрылуусунан кийин, КУУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова катышуучуларды Олимпиаданы өткөрүү тартиби менен тааныштырды.

Олимпиаданын алкагында Улуттук университеттин студенттери адегенде жат жазуу жызышып, андан кийин долбоор коргоо жана көркөм окуу боюнча күч сынашат.

Олимпиаданын жыйынтыгы ушул эле күнү чыгарылып, жеңүүчүлөргө сертификаттар тапшырылат.

Добавить комментарий