2026-жылдын 31-мартында Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун 1-курс студенттери “Манас” эпосу жана “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу аталышта студенттик илимий конференция өткөрүштү. Бул илимий иш-чара Манас таануу предметинин алкагында доцент А.С.Медетовдун жетекчилигинде болуп өттү. Ага Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору А.Р.Жусубалиев, Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Б.А.Жайлообаев, Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысы М.Т.Бокешовалар катышышты.
Доцент А.С.Медетов “Манас” эпосу менен уңгужолдук документтин мазмуну ортосундагы тыгыз байланышка токтолуп, илимий конференцияны ачып берүү үчүн сөздү А.Р.Жусубалиев менен Б.А.Жайлообаевге берди. Алар конференциянын катышуучуларын куттукташып, анын ишине ийгиликтерди каалашты. СГИИ директору А.Р.Жусубалиев ата-бабалардан калган руханий мурас катары Манас эпосунун маани-маңызына токтолуп, студенттерге алгачкы изилдөөчүлүк иштери келечекте диссертацияларга өсүп жетишин каалады.
Студенттер конференцияда “Манас” эпосун изилдеген Ч.Валиханов, В.Радлов, М.Ауэзов, Б.Юнусалиев, К.Рахматуллин, А.Бернштам, С.Абрамзон, Р.Кыдырбаева, С.Мусаев сыяктуу манас таануучулардын эмгектери, илимий гипотезалары, эпостун сюжети, образдар системасы, манасчылардын чыгармачылыгы тууралуу отуздан ашык баяндамалар жасашты.
Конференцияга жигердүү катышкан студенттер ардак грамоталар менен сыйланды.
(С) Самара Жекшен кызы — Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын улук окутуучусу