2026-жылдын 31-мартында Улуттук университеттин №8 окуу имаратында 200 орундуу жаңы конференц-залдын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги жана жалпы кызматкерлер катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө жаңы зал заманбап техникалар менен жабдылып, илимий жыйындарды жана башка ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнү жана жаңылануу жолуна ишенимдүү кадам таштаган Улуттук университеттин илимий жана коомдук турмушунда бул зал маанилүү орун ээлери баса белгиленди.

Эскерте кетсек, жаңы конференц-зал А.Табалдиев атындагы илимий китепкананын окуу залынын оң тарабынан орун алды.

Ушул эле күнү КУУнун жетекчилери башкы имараттын 3-кабатында жайгашкан Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин дарсканалары жана коридорунда жасалган оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен таанышып чыкты.

№8 окуу имаратындагы 200 орундуу жаңы конференц-зал

Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетиндеги оңдоп-түзөөдөн өткөн дарсканалар жана коридор

Добавить комментарий