2026-жылдын 31-мартында Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун Педагогика багытында билим алып жаткан студенттери үчүн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында «Туруктуу өнүгүү максаттары жана салттык баалуулуктар жаш муундун көз карашында» деген тегерек стол өткөрүлдү. Иш чараны жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Самара Нурбекова алып барды.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз элинин салттуу баалуулуктарынын мазмуну, алардын философиялык, маданий жана тарбиялык мааниси ар тараптуу каралып, студенттер улуттук кийимдер, каада-салттар, элдик оюндар жана турмуш-тиричиликке байланышкан баалуулуктар тууралуу өз пикирлери менен активдүү бөлүшүштү.
Тегерек столдун коноктору катары жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, доцент Баялиева А.С., профессору Сатыбекова М.А., окутуучусу Анарбекова А. катышып, студенттерге өнүгүүнүн туруктуу максаттары жана уңгу жол доктринасы жөнүндө өз пикирлери менен бөлүштү.
Иш-чарада салттуу баалуулуктарды заман талабына ылайык жаңылоо жана аларды келечек муунга жеткирүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар салт менен заманбап өнүгүүнү айкалыштыруу — коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү шарты экенин белгилешти.
Бул тегерек стол студенттердин улуттук аң-сезимин бекемдөөгө, маданий мурастарга болгон кызыгуусун арттырууга жана туруктуу өнүгүү идеяларын терең түшүнүүгө өбөлгө түздү.
(С) Баялиева А.С. — жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент