2026-жылдын 25-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий  иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу ETS билим берүү (тестирлөө) кызматынын өкүлдөрү жана аталган кызматтын Кыргызстандагы борборунун аткаруучу директору Зарипа Сагындыкова,  «Лингва» инновациялык билим берүү коомдук фондунун жетекчиси Гүлнара Назарбекова  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар студенттердин жана окутуучулардын англис тилин өздөштүрүүсү, тестирлөө системасынын өзгөчөлүктөрү, билимди баалоонун заманбап ыкмалары жана эл аралык стандарттар тууралуу пикир алмашышты.

Франциядан келген ETS Билим берүү тестирлөө кызматынын  өкүлдөрү Селестина Кардоз жана Карина Анварова TOEIC жана TOEFL программалары тууралуу кеңири маалымат беришти. Алар бул эл аралык тесттер англис тилин билүү деңгээлин аныктоодо дүйнө жүзүндө кеңири колдонулаарын белгилешип, тесттердин түзүлүшү, тапшыруу тартиби жана даярдануу жолдору тууралуу айтып, пайдалуу кеңештерди  сунушташты.

Жыйынтыгында  келечектеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, мындай жолугушуулар билим берүү тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгилешти.

Добавить комментарий