2026-жылдын 11-март күнү Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ББПУАА ) эксперттик комиссиясы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ЖОЖдон кийинки, жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо боюнча ишин улантты.

Күндүн биричи жарымында комиссия мүчөлөрү КУУнун администрациясы, акрредитациядан өтүүчү түзүмдөрдүн жана билим берүү программаларынын жетекчилери менен жолугушуп, суроолорду берип, жоопторду алышты.

Эскерте кетсек, эксперттик комиссиянын тыянактары жана сунуштары бүгүн саат 14.20да угузулат.

Добавить комментарий