2026-жылдын 23-февралында КУУнун чоң жыйындар залында Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. 

Салтанаттуу иш-чараны ректор, профессор Догдурбек Чонтоев  ачып, окуу жайдын бардык  мырзаларын майрамы менен куттуктады.

Майрам Жаштар саясаты жана спорт департаменти тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа менен коштолуп, жагымдуу ыр-бийлер тартууланды.

Кеченин соңунда эрдик жана кайраттуулук майрамына карата окуу жайдын коомдук иштерине жигердүү катышкан мырзаларга Ардак грамота, Кыргыз улуттук университетинин өнүгүшүнө зор салым кошкон кызматкерлерге ыраазычылык кат, о.э. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамоталары тапшырылды.

Добавить комментарий