2026-жылдын 17-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Италиянын Катания университетинен делегация келди. Делегация мүчөлөрүн КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кабыл алды.
Тараптар эл аралык кызматташтыктын келечегин, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн, биргелешкен билим берүү жана изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн жана эки университеттин ортосундагы кызматташтык меморандумунун чоо-жайын талкуулашты.
Расмий жолугушуудан кийин университеттин студенттери үчүн ачык лекциялар өткөрүлдү.
- Профессор Франческо Пати Эл аралык медицина жана илим институту менен Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун студенттерине лекция окуп, академиялык тармактагы учурдагы изилдөөлөр жана эл аралык тажрыйбалар менен тааныштырды;
- Профессор Александра Рагуса Математика жана информатика институтунун студенттерине математика жана маалыматтык технологиялар жаатындагы заманбап илимий жетишкендиктер тууралуу лекция окуду.
Катания университетинин делегациясынын сапары КУУнун эл аралык байланыштарын чыңдоодо жана Европанын билим берүү мекемелери менен кызматташууну кеңейтүүдө маанилүү кадам болду. Университеттин жетекчилиги бул жолугушуу мындан аркы биргелешкен демилгелер жана академиялык алмашуу үчүн негиз болуп кызмат кыла тургандыгына ишеним билдирди.